Кочкордо жүргүнчүнү сүзүп, ооруканага таштап качып кеткен айдоочу кармалды

Кочкордо жөө жүргүнчүнү сүзүп, аны ооруканага таштап качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 20-октябрь күнү саат 20:25 чамаларында, Кочкор айылындагы С.Орозбаков менен Айтбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги светофордордон Нарын облусу Кочкор району Кочкор айылы үйүнүн тургуну 1984-жылы туулган К.Кны белгисиз автоунаа сүзүп, Кочкор райондук ооруканасына алып барып таштап, кетип калышкан.

Натыйжада: жөө жүргүнчү Нарын облусу Кочкор району Кочкор айылы айылынын үйүнүн тургуну 1984-жылы туулган К.К. алган жаракатынан улам Кочкор райондук ооруканасынан каза болгон.

Издөө иштеринин жыйынтыгында Кочкор районунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен Ауди 100 автоунаасы аныкталып, айдоочусу 1994-жылы туулган А уулу Т. аттуу жаран жана жүргүнчүлөрү Кочкор району тургундары 1993-жылы туулган Т у К., С.М. кармалып, тергөө кызматына тапшырылды.

Бул окуя Кочкор РИИБде катталып тергөө иштери жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД