Бишкекте кайгуул милициясы абаны булгаган коомдук транспортторду текшерүүдө

Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү Бишкек шаарынын аймагы боюнча экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери менен биргеликте абанын булганышына алып келген коомдук транспортторду текшерүүгө алууда. Айрымдарынын катализаторлору жок болууда. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек ШИИББ боюнча милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү мамлекеттик экотехинспекциясынын кызматкерлери менен биргеликте коомдук транспорттордон, автобустардан бөлүнүп чыккан кара түтүндүү текшерүүгө алууда. Анткени эскилиги жеткен же техникалык бузуулардан улам же туура эмес күйүүчү майлардан чыккан зыяндуу кара түтүн атмосфералык абага терс таасирин тийгизип, зыяндуу заттарды бөлүп чыгууда. Бул көрүнүш абаны булгоо менен жарандардын ден соолугуна терс таасирин тийгизип, жөтөл, кан-тамыр, жүрөк жана өпкө ооруларына алып келүүсү медицина тармагын да тастыкталып келүүдө.

Текшерүү учурунда авто унаалардан чыккан кара түтүн айрым авто унаалардын кыймылдаткычынан чыккан зыяндуу түтүндү кармап калуучу катализатордун жок экендии да аныкталууда.

Аныкталган туура эмес көрүнүштөрдү калыбына келтирүү багытында тийиштүү эскертүүлөр жана чара көрүүлөр боюнча иштер жүргүзүлүп, жол кыймылынын коопсуздугу багытында айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД