Талас облусунда "Мал ууру" аталышындагы рейд өттү

Талас облусунда "Мал ууру" шарттуу аталыштагы ыкчам иликтөө жана алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган иш-мерчемдин негизинде Талас ОИИБнен жана ШРИИБнөн болуп жалпы 146 кызматкер катышты.

Рейддин максаты катталган уурулук кылмыштарынын бетин ачуу жана болтурбоо болду. Иш-чаранын жүрүшүндө мал уурулук боюнча тийиштүү тапшырмалар коюлуп, облустун аймагында мал союлуучу, тери алуучу, эт сатуучу жайлар текшерилди. Андан тышкары кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери Казакстан Республикасынан мал ташыган адамдарды тактоо максатында иш алып барышып, уурулуктун алдын алуу иштерин жүргүзүштү.

Иш-чара учурунда​ кызматкерлер тарабынан​ мурда болгон 4 кылмыштын бети ачылган. 193 автоунаа текшерилип, ЖКККБ тарабынан 51 унаанын айдоочусуна административдик протоколдор түзүлгөн. Мурда соттолгон 71 жаран ички иштер башкармалыгына алып келинип, иш-чаранын негизинде түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД