Кочкор РИИБде окуучулар үчүн "Ачык эшик күнү" өткөрүлдү

Кочкор РИИБде окуучулар үчүн "Ачык эшик күнү" өткөрүлдү. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 21-октябрь күнү Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн Балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери Кочкор районундагы орто мектептеринин окуучуларынын арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу жана жаш өспүрүмдөрдүн мекенге болгон патриоттулугун ойготуу максатында, Кочкор РИИБде "Ачык эшик" аталышындагы иш-чарасын өткөрүлдү.

Иш чарада Кочкор РИИБдин жетекчилиги жана бардык тармактык кызматкерлер окуучуларга өздөрүнүн иш алып баруусу боюнча маалымат беришип, кеңири баарлашуу жүргүзүлүп, ар бири иш бөлмөлөрү менен тааныштырып өтүштү.

Жыйынтыгында окуучулар милиция кызматкерлеринин иши түмөн түйшүктүү экендигин сезе билишип, ошо менен бирге эле патриоттулукка умтулушту.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД