№16 түзөтүү мекемесинин кызматкерлери ардагерлерин куттукташты

№16 түзөтүү мекемесинин кызматкерлери карыяларына белектер менен барып, куттуктап кетишти. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Беловодскиде жайгашкан №16 мекеменин активисттери бул түзөтүү колониясында көп жылдар бою иштеген жаза аткаруу тутумунун беш ардагерине барышты.

Мекеменин башчысы, и/к полковниги А.Кыдынбаевдин атынан "Кадыр", "Кадырман", "Ардагер" медалдары менен Т.Кыштообаев, К.Садыков, К.Кадыркулов, З.Кемелбаева жана Н.Приладышевалар сыйланышты.

Ошондой эле аларга белектер, гүлдөр тапшырылып, алардын татыктуу өмүр таржымалы жаш кызматкерлерге үлгү экенин белгилеп, ыраазычылыктарын билдиришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД