Аялдар абагынын кызматкерлери Бишкектеги карылар үйүнө камкордук көрсөтүштү

№2 аялдар абагынын кызматкерлери Бишкектеги карылар үйүнө барышты. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүтүндөй команда өздүк каражаттардын эсебинен акча чогултуп, ар кандай азык-түлүктөрдү сатып алышып, бир унаанын багажына толтурулуп, Чүй районунун Степное айылынан борбор калаага карыларды колдоо үчүн келишти.

Акция өкмөттүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги №237 токтомуна ылайык жүргүзүлдү. Бул документке ылайык, Кыргызстанда мекендештерди колдоо максатында жыл сайын коомдук-гуманитардык иш-чаралар өткөрүлөт. Тактап айтканда, 15-сентябрдан 15-октябрга чейин "Карыларга көңүл буруу жана камкордук" деген ураандын алдында үзгүлтүксүз бир айлык өткөрүлүп турат.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын №2 түзөтүү мекемесинин кызматкерлеринин мындай көңүл буруп, жасаган камкордугуна Бишкектеги Карылар үйүнүн жетекчилиги жана анын тургундары абдан ыраазы болушту.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД