ИИМ: Бийликти мыйзамсыз басып алууга катыштыгы барлар кармалууда

Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси "Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу" менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында айрым адамдардын массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана даярдоого, андан кийин бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынган.

Кылмыш иши боюнча шектүүлөр жашаган даректерде тинтүү жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кармоо иштери жүргүзүлүүдө.

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД