Жаза аткаруу кызматында өлкө боюнча ишембиликтер өткөрүлдү

Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери, өлкөнүн ар кайсы аймактарында айлана-чөйрөнү тазалоо боюнча массалык иш-чараларды өткөрүүдө.

Республикалык "Таза Мурас" акциясынын алкагында айлана-чөйрөнү тазалоо боюнча масштабдуу экологиялык кампанияны бүткүл өлкө боюнча ишке ашырууга ылайык, Кыргыз Республикасынын президенти "Улуттук тазалык күнү жөнүндө" жарлыкка жана 2023-2025-жылдарга тиричилик калдыктарын башкаруунун натыйжалуу инфраструктурасын түзүү боюнча иш-чаралардын планына кол койгон.

Жарлыкка ылайык, Кыргызстан айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле санитардык-экологиялык абалды жакшыртуу жаатындагы саясатты ырааттуу ишке ашырат.

Документте сентябрь айынын үчүнчү ишембисинде жана апрель айынын үчүнчү ишембисинде Улуттук тазалык күнү өткөрүлө тургандыгы белгиленген.

Бул маанилүү процесске Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери, өлкөнүн ар кайсы аймактарында жайгашкан ЖАКнын бардык ведомстволук бөлүмдөрү жана мекемелери ыкчам жана массалык түрдө катышууда.

Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө арналган фотолордо №14, 31, СИЗО-5 жана башка атайын мекемелердин кызматкерлеринин тазалоо иштеринин жыйынтыктары чагылдыралган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД