Экс-муфтий Мураталы ажы Жумановдун элесине арналган спорттук мелдеш өттү

Экс-муфтий Мураталы ажы Жумановдун жаркын элесине арналган спорттук мелдеш өтүп, диний уюмдар жана диний окуу жайлардын студенттери футбол, волейбол оюндары боюнча күч сынашты. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Спорттук мелдештин жыйынтыгында:

Мугалимдер арасында өткөн футбол оюну:

1-орун "Мааткабыл уулу Шаршенбай" медресеси;

2-орун "Адеп Башаты" диний уюму;

3-орун "Көлмө" медресеси.

Окуучулар арасында өткөн футбол оюну:

1-орун "Көлмө" медресеси;

2-орун Кыргызстан ислам университети;

3-орун "Куран Академиясы";

Мугалимдер арасында өткөн волейбол оюну:

1-орун Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы;

2-орун "Азирети Осмон" медресеси;

3-орун "Адеп Башаты" диний уюму;

Окуучулар арасында өткөн волейбол оюну:

1-орун "АГИ";

2-орун "Аль Фарук" медресеси;

3-орун "Көлмө" медресеси.

Экс-муфтий Мураталы ажы Жумановдун жаркын элесине арналган спорттук мелдеш бул жолу "Арчалы" медресеси жана "Куран Академиясы" тарабынан уюштурулду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД