Борбор калаанын биринчи вице-мэри Мирлан Байгончоков Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин соода боюнча кеңешчиси Хусейин Коч мырза менен жолугушту. Жыйынга ошондой эле шаар куруу, энергетика, суу чарба, инфраструктуралык долбоорлор, курулуш жана коммуникация тармагындагы түркиялык жеке компаниялардын өкүлдөрү катышты.
Тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.