Ош шаарында 3 жашар кыз каналга чөгүп кетти

Ош шаарында 3 жашар кыз каналга түшүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Керме-Тоо айылынын кварталында жайгашкан каналга 2019-жылы туулган М.М. аттуу жаш кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 102 кызматына түшкөн.

Жерине 4 куткаруучу, ИИМден 5 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 25 адам тартылып, кыздын сөөгү куткаруучулар тарабынан табылып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД