Канат Исаевдин кармалышы. Сот маалымат берди

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы мурдагы депутат Канат Исаевдин кармалышы тууралуу маалымат таратты.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2022-жылдын 23-октябрындагы токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчүсүнүн айыпталуучу И.К.К.га карата бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө өтүнүчү канааттандырылган.

"2018-жылдын 1-октябрындагы айыпталуучу И.К.К.га карата тандалган эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасына өзгөртүлдү жана ал Кыргыз Республикасынын УКМКнын тергөө изоляторуна 2022-жылдын 23-ноябрына чейин камакка алынды",-деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД