Төө-Ашууда жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды

Бүгүн, 24-октябрь күнү саат 9:00дөн баштап Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу жана Сосновка пунктундагы жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр алынды.

"Кыргызавтожол" ишканасынан билдиришкендей, 23-октябрь күнү кечки саат 17:30да жасалма тыгындарды болтурбоо максатында жана аба ырайы жакшырганга чейин жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилген.

"Жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдар менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө. Анын негизинде жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүүнү сунуштайбыз", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД