Кыргызстанда бир жумада COVID-19дун жаңы 65 учуру катталды

Кыргызстанда бир жумада, 17-23-октябрда, COVID-19дун жаңы 65 учуру катталган. Бул тууралуу КР ССМнын Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 14 адам ооруканага жаткырылган, калган 51и амбулатордук дарыланууда.

Тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык облустар жашыл зонада турат.

Жыл башынан бери республика боюнча COVID-19дун 21 651 учуру катталган, анын ичинде 90,7 % лабораториялык түрдө жана 9,3% клиникалык-эпидемиологиялык негизде тастыкталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД