Кыргызстандык окуучулар Краснодарда жаш инспекторлордун слётуна катышууда

Кыргызстандан барган окуучулар Краснодар крайында өтүп жаткан жол кыймылынын жаш инспекторлорунун XVII эл аралык слётуна катышууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, слёттун салтанаттуу ачылышында Кыргыз Республикасын "Радар" командасы тааныштырды. Бишкек шаарындагы №1 мектеп-интернатынын тарбиялануучулары эл аралык слёттун бүгүнкү катышуучуларына жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча өз өнөрлөрүн жана чеберчилигин көрсөтө алган,

Жол кыймылынын тескөөчүлөрүнүн тайпаларынын түзүлө баштаган күнү 1973-жылдын 6-марты ЖКТдин отряддарынын туулган күнү болуп эсептелет. Фрунзе шаарында 1982-жылы ЖКТнын экинчи Бүткүл союздук слёту болуп өткөн. Учурда Кыргыз Республикасынын аймагында Ички иштер министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан балдар катышкан жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу максатында жыл сайын шаардык, райондук, облустук жана анын жыйынтыгында жаш автоинспекторлордун республикалык кароо-сынактарын өткөрүп турушат. Активдүү катышуучулар жана жеңүүчү командалар ЖКТнын эл аралык слётуна катыша алышат.

Бүгүнкү күндө жол кыймылынын жаш инспекторлорунун отряды – бул окуучулардын ыктыярдуу чыгармачылык бирикмеси болуп саналат, алар мектептерге балдардын жол-транспорт кырсыктарынан жаракаттарын алдын алуу жана болтурбоо боюнча иштерди уюштурууга, ошондой эле өз мектебинде жана жакын жайгашкан мектепке чейинки балдар мекемелеринде жолдо жүрүүнүн маданиятын жайылтууга жардам берип келүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД