83 жаштагы кемпирди сабап өлтүргөн деп жаш жигит кармалды

Кайгуул кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектүү жаранды аныктады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 23-октябрында болжол менен саат 21:10 чамасында "102" кызматына Абдыкадыров көчөсүндө белгисиз аял сабалган абалда жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда үй ээси менен ошол батирде убактылуу жашаган жарандын ортосунда уруш чыгып, ошонун айынан 1939-жылы туулган жаран каттуу сабалып, эс учуна келбей, ооруканага жетпей көз жумган.

Чакыруу менен келген кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи суй электе кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган Ы.Н. аттуу жаранды кармашып, Ленин райондук ИИБнин Тергөө кызматына андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн жеткиришкен.

Бул факты Ленин райондук ИИБнин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД