Баткенде түнү соода борборуна кирип акча уурдаган деп 2 өспүрүм кармалды

Баткен шаарында соода борборунан акча каражатын уурдаган эки жашы жете элек бала кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен ШИИБдин кызматкерлери тарабынан "Антирэкет, зордук-зомбулукка каршы" аталышындагы иш-чара өткөрүлүп, иш-чаранын жүрүшүндө шаар аймагындагы ар бир орто мектептерде мектеп окуучуларынын арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, мектеп рэкетчилигине жол бербөө, жол коопсуздугун сактоо максатында балдарды жана үй-бүлөнү коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте түшүндүрүү иштери өткөрүлдү. Ата-энелер чогулуштары уюштурулуп, ата-энелерге балдарды коргоо, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарды алдын алуу боюнча мыйзамда көрсөтүлгөн ата-энелердин жоопкерчиликтери эскертилип, суроо-жооптор менен талкууланды.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө 2022-жылдын 14-октябрынан 15-октябрга өткөн түнү белгисиз жарандар тарабынан Баткен шаарындагы соода борборунун айнегин сындырып, ичиндеги кассадан болжол менен 5000 (беш миң) сом акча каражатын уурдап кеткен фактынын бети ачылды.

Баткен ШИИБдин балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан Лейлек районунун Катраң айылынын жашы жете элек эки бала аныкталып, кылмыштын изи сууй электе ошол эле күнү Баткен шаарынан аныкталып кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Тергөө иштеринин жүрүшүндө бул өспүрүмдөр буга чейин дагы 7 факт уурулук иштерин жасап жүргөнү аныкталды.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД