Жети миллионунчу кыргызстандык 16 жашка толгондо колуна 11,5 млн сом алат

Кыргызстандын жети миллионунчу жараны Жакшылыктын сүйүнчүсүнө делип "Айыл банктан" депозит ачылып, ага бир миллион сом которулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтуусуна караганда, Жакшылык 16 жашында колуна 11,5 млн сом алат. "Депозиттен сырткары Жакшылыктын ата-энесине 200 миң сом көрүндүгүн бердик. Ушундай эле белек президент Садыр Жапаровдун чечими менен дагы ар бир облус жана Бишкек, Ошто удаа төрөлгөн сегиз балага тапшырылат", - деди ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын жети миллионунчу жашоочусу Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрда таңкы саат 2:10до төрөлгөн.

7 миллионунчу кыргызстандык фермер Валижан Абдурасуловдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Апасы - Айжаркын Сыраждинова, 1982-жылы туулган. Бул анын төртүнчү баласы. Ымыркайдын салмагы 3,9 кг, бою 54 см. Бөбөккө президент Садыр Жапаров Жакшылык деген ысым койду.

Белгилей кетсек, Жакшылыктын депозиттик эсебине мамлекеттен 1 миллион сом которулуп, ал аны жашы жеткенде өз муктаждыктарына колдоно алат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД