"Манас" эл аралык аэропортунда өлкөнүн жарандык авиациясынын күнүнө карата күзгү споттинг өткөрүлдү.
Аэропорттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыл сайын өтүүчү иш-чарага Кыргызстандан жана Россиядан 20га жакын учактарды тартууга кызыккан фотосүрөтчүлөр жана видеооператорлор чогулушту.
Ышкыбоз жана тажрыйбалуу споттерлер ишембинин түнү 4 саат бою учактар токтоп турган жайды, рулеждук жолчорлорду, учуу-конуу тилкесин жана перрондо учактарды тейлөө процессин сүрөткө тартышты. Ошондой эле, алар аэробекеттик комплексти ичи-сыртынан да тартканга үлгүрүштү.
Сүрөт сүйүүчүлөрү учактардын таңга маал учуп-конуусун тартып алуу мүмкүнчүлүгүн өзгөчө жогору баалашты. Споттерлердин айтымында, октябрь айы күнөстүү болгондуктан, алар чындыгында уникалдуу сүрөттөрдү жарата алышты.
Иш-чара авиациялык коопсуздук талаптарына ылайык өткөрүлдү.
Белгилей кетсек, споттингдин жыйынтыгы боюнча эң мыкты аталган сүрөттөр "Манас" аэробекеттик комплексиндеги көргөзмөдө көрсөтүлүп, аэропорттун расмий сайтында жайгаштырылат.
Маалымат үчүн: Споттинг (англ. spot – "кармап алуу") - учакты документалдык же көркөм сүрөткө тартуу. Анын максаты болуп учакты же авиацияга тиешеси бар объекттерди эң оригиналдуу түрдө сүрөткө тартып алуу болуп саналат. Жыл сайын биздин өлкөдө споттингтин күйөрмандары көбөйүүдө.