Кыргызстандагы акы төлөнүүчү жолдордун кандай артыкчылыктары бар?

Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө акы төлөнүүчү жана бекер жолдор аркылуу каттамдарды тандоо барган сайын көбөйүүдө. Мындай кайчы тандоо бүгүнкү күндө заманбап адамдардын алдында келип чыгууда. Кыргызстандыктардын көпчүлүгүн Кыргызстандагы жолдордун абалы жана аларды күтүүдөгү көйгөйлөр анча кызыктырбайт, ошондуктан мындай пландарды билгенде абдан таң калышат.

Акы төлөнүүчү жолдордон баш тартуу керекпи?

Туура чечим кабыл алуу үчүн, маселенин маңызын түшүнүп, алынган маалыматтын негизинде өз бүтүмүңүздү чыгарууңуз керек. Бул үчүн акы төлөнүүчү жолдору бар каттамды колдонуунун оң жана терс жактарын карап көрүңүз.

Негизги оң жактары:

• Биринчиден, бул, албетте, жол тармагын жакшыртуу. Кандай гана бюджет болбосун, казынага түшкөн салыктардын жана башка кирешелердин негизинде түзүлөт. Кыргызстанды алсак, бул - каражаттын өтө тартыштыгы, насыялардын эсебинен жол салуу. Мамлекет жол инфраструктурасын эле өнүктүрбөстөн, саламаттыкты сактоо, социалдык камсыздоо жана башка тармактарды да каржылашы керек. Кошумча жеке каражаттарды тартуу жол катмарынын сапаты жана түйүндүн узундугу боюнча абалды бир топ жакшыртат;

• бюджетке кошумча кирешелер. Мындай жол менен алынган каражаттар учурдагы жолдорду тейлөөгө жана жаңы жолдорду курууга жумшалышы мүмкүн. Мындай ыкмаларды өнүккөн өлкөлөр көптөн бери колдонуп келишет, ошондуктан алардын жол тармактарынын сапатына жана тармактуулугуна таң калуунун кереги жок.

Эгерде акы төлөнүүчү жолдор боюнча өтүүнү тандоонун терс жактарын айтсак, анда бир гана нерсе бар: жол аркылуу өтүү акысын төлөш керек.

Ташуучулар кандай пайда көрүшөт?

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги негизги пайданы транспорттук компаниялар көрүшөт деп эсептешет. Мындай жолдорду түзүүдө жолдун бетин каптоо жаатындагы акыркы жетишкендиктер колдонулат. Аларда дээрлик эч кандай аң-чөнөктөр болбойт. Акы төлөнүүчү жолдордо белгилер жакшы коюлган жана жогорку коопсуздуктагы кыймыл камсыздалат. Жогорку сапаттагы жол менен жүргөн унааларга күч келбейт, андыктан алар узакка иштеп, тейлөө жана оңдоо чыгымдары аз талап кылынат. Мындан кардар, башкача айтканда, бардык жарандар да кыйыр пайда алышат. Алар төмөнкү тарифтерге жана арзандатууларга ишеним арта алышат.

Жол бетинин сапаттуулугу башка жолдорго караганда бул жолдордо унаа каражаттарынын жогорку ылдамдыкта жүрүүсүн шарттайт. Ошентип, товарларды көздөгөн жерине жеткирүүнүн убактысы кыскарат.

Акы төлөнүүчү жолдордун башка артыкчылыктары

Биздин магистралдарда унаалар тынымсыз агымда жүрүп, айдоочуларга бир топ ыңгайсыздыктарды жаратууда. Акы төлөнүүчү жолдордо мындай көйгөйлөр болбойт. Айдоочулар өздөрүн эркин жана ыңгайлуу сезишет.

Эгерде катуу титирөө жана аң-чөнөктөр аркылуу жүрүүгө болбой турган баалуу жүк жеткирүү пландаштырылган болсо, анда акысыз жол менен айдоо чоң зыян алып келиши мүмкүн. Көбүнчө тегиз эмес жана уңкур-чуңкур жерлер сапатсыз жеткирүүгө себеп болот. Морт буюмдар мындай күч келтирүүгө туруштук бере албай калат, ошондуктан каттамды тандоонун алдында жети өлчөп, бир кесүү керек.

Унаа сүйүүчү жана жарнама компаниясынын ээси Кайрат Турсунбаевдин айтымында, ал акы төлөнүүчү жолдор боюнча өтүүгө жана товарларды жеткирүү наркын төлөөгө даяр. "Биз республиканын бардык аймактарында иш алып барабыз, жарнамалык продукцияларды жеткиребиз жана орнотобуз. Көбүнесе тыгындардан жана жолдордун начардыгынан улам биздин продукциялар өз убагында жеткирилбей же андан да жаманы – бузулуп калат. Мындай учурларда биз баарын кайра жасоого аргасыз болобуз. Албетте, эгер алар чындап ыңгайлуу жана коопсуз болсо, мен акы төлөнүүчү жолдор менен айдамакмын. Бирок, менин оюмча, элде акы төлөнүүчү же бекер жолдо жүрүү тандоосу болушу керек", - деп белгилейт ал.

КРнын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылын уюштуруу башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, акы төлөнүүчү жолдордо ашыкча жүктөм болбойт. Башкысы - кызматтар үчүн төлөөнүн ыңгайлуу системасын түзүүгө азыртан активдүү киришүү керек, ошондо кийин узун кезектерге жана нааразы болгон айдоочулардын терс сын-пикирлерине туш болбойбуз. Жол тармагын өнүктүрүүнүн мамлекеттик стратегиясын иштеп чыгууда бул маселеге жетиштүү көңүл бурулуп жатат деп ишенгибиз келет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД