Дагы канча чыдайбыз? Кыргызстандагы унаа жолдору боюнча кырдаал кандай?

Өлкөнүн өнүгүү деңгээлине биз көбүнчө жолдордун сапатына карап баа беребиз. Ошентип, биздин өлкөгө келген ар бир чет элдик негизги кемчиликтер катары жолдордун начардыгын жана көбүнесе алардын толук жоктугун атайт.

Улуттук жол тармагы өлкөбүздүн эң ири байлыктарынын бири болуп саналат. Социалдык жана экономикалык пайдалардын толук көлөмүн эске алганда анын баасын баалоо кыйын.

Кыргызстандын географиялык түзүлүшүнө ылайык унаа каражаттары транспорт тармагынын негизги бөлүгүн түзөт жана экономиканын башка тармактарын өнүктүрүүнүн байланыш звеносу болуп саналат. Республиканын автомобиль жолдорунун жалпы узундугу 34 миң км, анын 18 810 км – жалпы пайдалануудагы жолдор. Алар жүргүнчүлөрдү ташуунун 98 пайызын, жүк ташуунун 96 пайызын камсыздайт.

Ошону менен бирге Кыргызстанда акыркы жыйырма жылда унаалардын саны 937%, ал эми жол кыймылынын интенсивдүүлүгү 700%га өскөн. Калктын жашоо сапаты жана ишкердиктин деңгээли жолдордун транспорттук-эксплуатациялык абалына жана алардын өнүгүшүнө түздөн-түз көз каранды. Жолдордун жакшы абалы транспорттук чыгымдарды азайтууга жана экономикалык өсүштү көтөрүүгө жардам берет. Жолдордун начардыгы же алардын толук жоктугу - экономиканы өнүктүрүүдөгү кыйынчылыктарга алып келет. Каржылоонун жетишсиздигинен жолдордун бузулушуна жол берилсе, анын кесепетин бүтүндөй коомчулук тартат.

КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматы боюнча, жол тармагындагы негизги көйгөйлөр жол тармагын каржылоонун системалуу түрдө жетишсиздиги, жол тармагынын бюджетинин тышкы каржылоо булактарынан көз карандылыгы жана жол тармагын башкаруунун алсыздыгы болуп саналат. Бул жол тармагындагы реформаларды тездетмейинче жол түйүндөрүн сактап калуу жана өнүктүрүү мүмкүн эместигин күбөлөндүрүп турат.

Унаа жолдорунун бүгүнкү абалы төмөнкү кесепеттерге алып келет:

- транспорттук агымдын орточо ылдамдыгы төмөндөп баратат, бул жүк ташуулардын наркынын 20-25 пайызга кымбатташына алып келет;

- өнүккөн чет мамлекеттерге караганда 1 км жолдо күйүүчү май 1,5 эсе көп керектелет;

- автоунааларды оңдоонун аралыктары кыскарып, натыйжада олуттуу кошумча чыгымдардын зарылдыгына алып келип, ишкердиктин өнүгүшүнө тоскоол болууда.

Ушул бойдон калтырууга болбойт. Жол тармагында олуттуу реформаларды ишке ашырбоонун терс кесепеттери айрым аймактардын гана эмес, бүтүндөй өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү эң олуттуу тоскоолдуктар түрүндө көрүнөт.

Мындан чыгуунун бирден-бир жолу – жүк жана автомобиль транспорту үчүн жалпы пайдалануудагы унаа жолдорун пайдалануу үчүн адекваттуу жыйымдарды алуу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке киргизүүгө негиз түзүү, бул жол тармагын каржылоонун кошумча булактарын табууга жана өлкө бюджетинин жол тармагындагы жүктөмүн азайтууга жардам берет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД