Сокулукта мечеттен кайрымдуулукка чогултуучу кутуну уурдаган жаран кармалды

Сокулук районунда мечиттин ичинен уурулук кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сокулук РИИБне арыз менен Н.Р. аттуу жаран кайрылып, ал арызында 24-октябрда белгисиз адам Сокулук айылында жайгашкан мечитке кирип, кайрымдуулукка акча чогултуучу кутучаны акчасы менен, видеобайкоо камерасынын мониторун жана кийимдер салынган сумканы уурдап кеткенин билдирип, ага карата чара көрүүнү суранган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурулук) негизинде кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектелип 25 жаштагы С.Е. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД