Кайгуул кызматынын сунушу менен айрым көчөлөргө тротуарлар салынууда

Кайгуул кызматынын сунушу менен айрым көчөлөрдүн жээктерине тротуарлар салынууда. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кайгуул кызматынын Жол көзөмөлдөө бөлүмү мурда жаздын келиши менен Бишкек шаарынын көчөлөрүнө жазгы кароо иштерин жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында жол кыймылынын коопсуздугун жана жөө жүргүнчүлөдүн коопсуздугун камсыздоо максатында айрым көчөлөрдүн жээктерине тротуарларды салуу боюнча Бишкек мэриясынын муниципалдык кызматтарына сунуштар берилген. Ошонун натыйжасында бүгүнкү күндө:

-И.Ахунбаев көчөсүнүн Байтик Баатыр көчөсүнөн тартып, Манас көчөсүнө чейинки бөлүгү;

-Жибек-Жолу көчөсүнүн Жусуп Абдрахманов көчөсүнөн тартып, Жаш гвардия бульварына чейинки бөлүгү ;

- Лев Толстой жана башка көчөлөрдүн айрым бөлүктөрүнүн жээктерине жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар төшөлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД