
Кыргызстанда Жаза аткаруу тутумунун ардагерлеринин күнү белгиленди. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматы жаза өтөө тармагынын буурул чач активисттерине, көп жылдар бою атайын контингент менен иштеген, темир тордун ары жагындагы турмуштун уникалдуу адистерине өзгөчө сый урмат менен мамиле кылышат.
Адистердин жаңы муунга берген тажрыйбасы жана билими абдан баалуу. Бул жазык-аткаруу тутумунун жана аскер кызматкерлерин мыйзамдуулукту, кесиптик этиканын нормаларын сыйлоо, кызматтык милдеттерин кынтыксыз аткарууда, тарбиялоодо усулдук, практикалык жардам көрсөтүү болуп саналат.
Аталган башкармалыктын жетекчилиги жана ЖАКнын ардагерлер кеңеши бир топ маселелерди чечип жатышат. Алар карылардын турак-жай жана турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу, медициналык жардам алуу, социалдык гарантиялар, пенсиялар, гуманитардык колдоо, укуктарын коргоо жана башкалар.
Жаза аткаруу кызматынын Ардагерлер күнүндө аталган кызматтын бардык мекемелеринде жана бөлүмдөрүндө, анын ичинде Бишкек шаарындагы ЖАКнын борбордук аппаратында жыл сайын белгиленүүчү бул майрамга арналган салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлдү. Ардагерлер жана пенсионерлер менен жылуу жолугушуулар болду. Алар "Ардагер" жана "Устат", "Кадыр" жана "Кадырман" медалдары, Ардак грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышты. Ардагерлердин урматына спорттук мелдештер өткөрүлүп, концерттер коюлуп жана дасторкон жайылып, баарлашып чай ичилди.