
Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылында Бакай-Ата РИИБдин БМЖККК кызматкери спорттук оюн уюштуруп берди. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Бакай-Ата РИИБдин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын опер кызматкери кыргыз милициясынын 98 жылдыгына карата жаштарды тарбиялоо жана алардын спортко болгон кызыкчылыгын арттыруу максатында окуучулар арасында жеңил атлетика бюнча мелдеш уюштурду.
Мелдешке жалпы орто мектептерден турган 15 курама команда катышып, Ак-Дөбө айылында жагашкан Акчал уулу Дүйшөн атындагы орто мектептин спорттук аянчасында өткөрүлдү.
Милициянын көчмө кабылдамасы менен Бакай-Ата РИИБдин начальнигинин орун басары милициянын подполковниги Сарыбаев Бактыбек ачылышын жасап, окуучуларга ийгилик каалап, "Спорт-ден соолуктун булагы, спорт ынтымактын жана биримдиктин башаты"-деп аларды ынтымакта жүрүүгө чакырды.
Талас облусунун жеңил атлетика федерациясынын вице президенти Өмүралиев Керимбек сөз сүйлөп, милиция кызматкерлерин келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктап, балдарды милицияларга окшогон, Мекен коргогон намыстуу, күчтүү болууларын каалап өттү.
Мелдеш кызыктуу өтүп, Талас шаарынын командасы утушка ээ болду. Жеңүүчүлөргө медаль, диплом, грамота жана кызыктыруучу белектер тапшырылды.