Сасык тумоо оорусунун күч алган учуру январь-февралга туура келет

Сасык тумоо жана КРВИ ооруларынын күч алган учуру январдын ортосунан февралга чейин болот. Бул тууралуу COVID-19га каршы Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, КР ССМнын Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти сасык тумоо, курч респиратордук вирустук инфекциялары (КРВИ) жана коронавирус инфекциясы боюнча күн сайын мониторинг жүргүзүүдө.

Республикада жыл сайын күз-кыш мезгилинде сасык тумоо жана КРВИ боюнча эпид абал курчуйт. Октябрдан тарта оорулардын өсүшү байкалууда, оорунун күч алган учуру январдын ортосунан февралга чейин болот.

Мониторингдин маалыматтары боюнча үстүбүздөгү жылдын 42 жумасында (17.10.-23.10.2022-ж.) 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу оорунун 39,7% азаюусу байкалган.

Буга карабастан, өткөн жылдардагыдай (жумалардагыдай) медициналык жардам сурап кайрылгандардын эң көп саны Бишкек шаарында - 43,8%, Чүй облусунда - 25% жана Ош шаарында жана Ош облусунда - 16,1%.

Лабораториялык маалыматтарга ылайык, КРВИ риновирус, парагрипп 1, 2, 3 жана 4 жана аденовирус сыяктуу курч респиратордук вирустук инфекцияларга байланыштуу.

Абанын муздашы адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизип, иммундук системага таасир берип, организмдин коргонуу күчүн төмөндөтүп, адамдын түрдүү респиратордук вирустук инфекцияларга чалдыгуусуна алып келиши мүмкүн.

Туруксуз аба ырайы да курч респиратордук вирустук инфекциялардын жамааттарда, мисалы, мектептерде, бала бакчаларда ж.б. өсүшүнө жана жугушуна шарт түзөт. КРВИ менен ооругандардын 65,4 пайызын 14 жашка чейинки балдар (3500дөн ашык учур) түзөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД