COVID-19га каршы Pfizer BioNTech вакцинасын кимдер алса болот?

Pfizer BioNTech компаниясынын COVID-19га каршы вакцинасын кимдер алса болот? COVID-19га каршы Республикалык штаб бул суроого жооп даярдаган.

- Вакцина 6 айлык жана андан улуу бардык адамдарды эмдөө үчүн коопсуз жана натыйжалуу.

- Эң жогорку артыкчылыктуу топтордо эмдөө менен камтуунун жогорку көрсөткүчтөрүнө жетишүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоо керек.

- Вакцина кош бойлуулук учурунда да колдонууга жарайт. ДССУ эмдөө алдында кош бойлуулук тестин колдонууну, эмдөөдөн улам бойго бүтүүдөн сактанып турууну же бойдон алдырууну сунуш кылбайт.

- Эмчек эмизген аялдарда вакцинанын натыйжалуулугу башка категориядагы адамдардагыдай болору күтүлүүдө. ДССУ бала эмизүү учурунда бул вакцинаны башкалар сыяктуу эле колдонууну сунуштайт.

- ДССУ эмдөөдөн улам бала эмизүүнү токтотуп турууну сунуштабайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД