
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Жейми Флай "Азаттык" радиосунун жана "Настоящее время" телеканалынын айланасындагы соңку окуяларга байланыштуу билдирүү жасады.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосу окуяларды тең салмактап чагылдыруу принцибине олуттуу мамиле кылат. Биз суроо жараткан материалды кайра карап чыгып, стандарттарыбыз бузулган жок деген жыйынтыкка келдик. Кремль же кыргыз өкмөтү болобу, тең салмакталган материалды сайттарыбыздан алып салуу талабына моюн сунбайбыз. Журналисттерди коркутуу жана эркин медианын үнүн басуу аракети Кыргызстандагы демократияга көлөкө түшүргөн авторитардык ыкма", – деп айтылат эл аралык медиа корпорациянын президентининин билдирүүсүндө.
Эске салсак, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" сайтынын ишин эки айга токтоткон.
Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, өлкөнүн маалымат мейкиндигинде Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес (жалган) материалдарга (2022-жылдын 14-17-сентябрындагы окуялар тууралуу такталбаган маалыматтар) байланыштуу ушундай чара көрүлдү.
Министрлик тарабынан 2022-жылдын 16-сентябрында "Учурдагы убакыт" ресурсунда ("Азаттык Медиасынын" ведомстволук түзүмү) "Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы катуу кармаш | ASIA" аттуу видеоматериалы жана эфиринде кастык маанайдагы сөздөр колдонулган. Кыргызстан тараптын Тажикстанга кол салуусу деген тариздеги такталбаган маалымат, Баткен облусундагы окуяларды чагылдырууда коомдогу кырдаалды курчутуп, жарандардын ортосунда кастыкты, дискриминацияны жана бөлүнүүнү пайда кылган маалыматтар аныкталган.
Буга байланыштуу министрлик 2022-жылдын 17-сентябрында "Азаттык Медиа" мекемесине ММК чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдардын нормаларын так сактоо жана Кыргызстандын интернет мейкиндигинде такталбаган (жалган) маалыматтардан коргоо боюнча кайрылуу жөнөткөн.
Бирок бул кайрылууга көңүл кош мамиле кылынып, "Азаттык Медиа" тараптан жооп кайтарылбай, тиешелүү чаралар көрүлгөн эмес.
Ошондуктан министрлик Кыргызстандын "Так эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө" мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, 2022-жылдын 24-октябрындагы №12-3/6873 (талап кылынгандан кийин 24 сааттын ичинде) көрсөтүлгөн материалды өчүрүп салуу тууралуу катын "Азаттык Медиа" мекемесине жөнөткөн.
Министрликтин катына жооп катары "Азаттык Медиа" мекемесинен сайт тиешелүү чараларды көрүп, аталган материалды өз платформасынан алып салуу боюнча техникалык иштерди жүргүзүп жатканы тууралуу жооп келген. Бирок, ушул күнгө чейин бул видео өчүрүлө элек.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, министрлер кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелинде 204-токтому менен бекитилген "Интернет тармагында анык эмес (жалган) маалыматты жайылышына байланыштуу сайттын же сайттын баракчасынын ээсинин иш-аракеттерине даттануунун, анык эмес (жалган) маалыматты алып салуунун жана сайттын же сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруунун тартибин" жетекчиликке алып, министрлик хостинг/интернет провайдерлери жана байланыш операторлору аркылуу, "Азаттык Медиа" сайттарынын ишин эки айлык мөөнөткө токтотуу жөнүндө чечимин кабыл алды.