
Бишкек ЖЭБин күз-кыш мезгили бүткөндөн кийин мэриянын карамагына өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
Учурда Бишкек ЖЭБи "Электр станциялар" ААКсынын балансында.
Ибраев буга чейин бүгүнкү күндө энергетика тармагындагы карыз 136 млрд сомду түзөрүн маалымдаган.