Нарында милиционерлер зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча окуудан өтүштү

Нарында милиция кызматкерлери үчүн үй-бүлѳлүк зордук-зомбулукту жана улуттар аралык коркунучтарды алдын алуу боюнча эки күндүк окуу-семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сѳз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 25-26-октябрь күндөрү Нарын облустук ички иштер башкармалыгында балдар менен иштѳѳ инспекциясынын кызматкерлери үчүн полициянын демократиялык принциптер боюнча ишмердүүлүгү, үй-бүлѳлүк зордук-зомбулукту жана трансулуттук коркунучтарды алдын алуу боюнча эки күндүк окуу-семинар ѳткѳрүлдү.

Окуу-семинарга Нарын облусундагы райондук ички иштер бѳлүмдѳрүнүн начальниктеринин орун басарлары, балдар менен иштѳѳ боюнча инспекторлор, Милициянын кѳчмѳ кабылдамасын колдоо боюнча ассоциациясынын, коомчулуктун ѳкүлдѳрү катышышты.

Окуу-семинардын максаты: полициянын демократялык принциптер боюнча ишмердүүлүгүнүн потенциалын жогорулатуу, балдар арасында укук бузуулардын алдын алуу, балдарды диний экстремизм жана терроризмге азгыруусу боюнча трансулуттук коркунучтардын алдын алуу, видео жана методикалык колдонмолорду таркатуу менен коргоо ордерлерин берүү, мѳѳнѳтүн узартуу жана кѳзѳмѳлдѳѳ боюнча практикалык тажырыйбаларды алуу.

Окуу-семинарда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын балдар иштери боюнча бѳлүмүнүн начальниги милициянын полковниги Нуржан Адылова модератордун милдетин аткарса, тренерлер катары ИИМдин Академиясынын административдик ишмердүүлүк жана административдик укук кафедрасынын улук окутуучусу, милициянын полковниги Азамат Абдрахманов, Академиянын Коомдук-саясий тартип кафедрасынын улук окутуучусу Медер Карабаев, ЕККУнун Бишкекетеги программалык офисинин консультанты, "Мобилдүү автоунаалардын ишмердүүлүгүн колдоо боюнча Ассоциация" Коомдук бирикмесинин директору милициянын отставкадагы полковниги Шамшыбек Мамыров лекцияларын окушту. Тренерлер "Жашы жете электер арасында укук бузуулардын алдын алууда ички иштер органдарындагы балдар менен иштѳѳ боюнча инспекторлордун ролу", "Үй-бүлѳлүк зордук-зомбулукту башынан ѳткѳргѳн балдарга коргоо ордерлерин берүү жана кѳзѳмѳлдѳѳ боюнча балдар менен иштѳѳ инспекциясынын кызматкерлеринин ишмердүүлүгү", "ИИОнун балдар менен иштѳѳ инспекциясынын ишмердүүлүгүн жѳнгѳ салуучу укуктук-ченемдик актылар", "Кыргызстандагы диний абал, тыюу салынган террористтик жана экстремисттик уюмдардын идеологиясы", "Милициянын кѳчмѳ кабылдамасынын иш мазмуну" темасында баяндамаларын окушту.

Окуу-семинар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин демилгеси жана ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосу менен ѳткѳрүлдү.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар өздөрүнө пайдалуу маалыматтарды алышкандыгын билдиришип, уюштуруучуларга ыраазычылыктарын айтышты. Ал эми катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД