Мектеп директорлорун тандоонун үчүнчү айлампасы жарыяланды

Билим берүү жана илим министрлиги мектеп директорлорун тандоонун үчүнчү айлампасын жарыялады.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, сынакка катышуу үчүн талапкер документтерди 2022-жылдын 27-октябрынан 14-ноябрга чейин тиешелүү облустун электрондук дарегине жөнөтүшү керек.

Документтерди өз убагында тапшырбоосу же документтердин толук берилбөөсү талапкерди сынактан четтетүүгө негиз болуп эсептелет.

Облустар боюнча ваканттык орундардын саны:

Ысык-Көл облусу – 17;

Нарын облусу – 10;

Чүй облусу – 59;

Талас облусу – 14;

Жалал-Абад облусу – 105;

Ош облусу – 101.

Бишкек, Ош шаарларында жана Баткен облусунда конкурстун үчүнчү айлампасын өткөрүү жакынкы күндөрү белгилүү болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД