№14 тарбиялоочу мекемесинде Баткен окуясынын катышуучусу сыйланды

№14 тарбиялоочу мекемесинде Баткендин антитеррордук операциянын катышуучусу болгон кесиптешин сыйлашты. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 26-октябрда бүтүндөй республикада 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн коргоодо аскердик жана кызматтык милдетин аткарууда курман болгондорду урматтоо жана эскерүү күнү белгиленет.

Вознесеновка айылындагы №14 тарбиялоочу мекемесинин коллективинин арасында ошол эсте каларлык окуяларга катышуучулар бар. Булар и/к майорлору Айкөл Сарыкова менен Жеңиш Камчыбеков. Кесиптештер маркумдарга арнап эскерүү дубасын окушту. Андан соң Сарыкова менен Камчыбековго дубал сааттарын берип, чай уюштурушту.

- Кесиптештериме терең ыраазычылык билдирип, өсүп келе жаткан жаштарды мекенчилдикке чакыргым келет. Бизде эч качан согуш болбошу керек! Ар бир үйдө бактылуу балдардын күлкүсү жаңырып, апалар эч качан ыйлабасын, - деди Айкөл Зикировна.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД