
ЖАКнын мекемелеринде Жаза аткаруу тутумунун ардагерлеринин күнү белгиленди. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кыргызстандын бардык аймактарында жайгашкан Жаза аткаруу кызматынын түзөтүү мекемелеринде Жаза аткаруу тутумунун ардагерлеринин күнү салтанаттуу белгиленди.
Алардын жаңы муунга берип жаткан бай тажрыйбасы, практикалык билими жана кеңештери өтө маанилүү.
Жаза-аткаруу тутумунун ардагерлерине терең урмат көрсөтүү менен бардык мекемелеринде алардын урматына иш-чаралар өткөрүлдү. Ардагерлер менен жолугушууда аларга ведомстволук медалдар, баалуу белектер жана азык-түлүк пакеттери тапшырылып, спорттук мелдештер өткөрүлүп, жамааттык чай үчүү коштогон кечелер уюштурулду.
Чүй районунун Молдовановка айылында жайгашкан №1, 27, 31, Сокулук районундагы №19 мекемелерде ардагерлер күнү кандай өткөнүн бүгүнкү фоторепортаждан даана көрө аласыздар.