
Талас ШИИБи санариптик видеокамералуу болду. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Талас ОИИБде санариптештирүү жана калкка сервистик тейлөө көрсөтүү багытында алгылыктуу иштер аткарылууда. Кылмыштын бетин ачууда жана алдын алууда бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу менен аракеттер көрүлүп жатат. Алардын бир багыты болуп облустун маанилүү аймактарын видео байкоочу камералар менен камсыздоо жана аларга мониторинг жүргүзүү болуп саналат. Санариптештирүү жолу менен милициянын жумушу бир кыйла жеңилдеп, ыкчам иликтөө иштерине өбөлгө түзүүдө.
Бул багытта милицияга жергиликтүү компаниялар материалдык колдоо көрсөтүп келет.тактап айтканда, 26-октябрь күнү Талас шаардык ички иштер бөлүмүнө Жерүй алтын кенин иштеткен "Альянс Алтын" компаниясынын өкүлдөрү келип, кызматтык колдонууга заманбап видео байкоочу камераларды тапшырды.
Ал видео байкоочу камералар Талас шаарынын коомдук жайларында жана облустун орчундуу жайларында байкоо жүргүүгө ишке берилет.
Белгилей кетсек, 2022-жылы облус аймагында орнотулган видео байкоолордун жардамы менен 17 кылмыштын бети ачылган. Анын 13 фактысын уурулуктар түздү. Ал эми андан башка 2 адам өлтүрүү кылмышын иликтөөгө жана 2 учурда авто унаа менен адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен адамдарды аныктоого жардамы тийди.