
Бүгүн, 27-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөр көтөрүлдү.
ЖКнын Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, депутат Бакыт Тентишев Суусамыр өрөөнүнө насыя катары таратылган үрөн сапатсыз болуп, дыйкандар түшүм албай калганын билдирди. "Буга ким жооп берет?" – деген депутат маселени иликтеп чыгуунун маанилүүлүгүнө токтолду.
Ал эми депутат Мейкинбек Абдалиев Баткендеги чек ара жаңжалында жаракат алган Максат уулу Белек тууралуу сөз кылып: "Ал азыр борбор калаадагы ооруканада дарыланууда. Баатырыбыздын ден-соолугу жана келечеги жакындарын эле эмес, баарыбызды кабатырлантууда. Андыктан ага мамлекет тарабынан көңүл буруп, Бишкек шаарынан батир берүүнү сунуштайм", – деди.
Ошондой эле депутат Замирбек Мамасадыков Ноокен районуна караштуу Кокондук айылындагы мектепте спорт залы жоктугун маалымдап, спорт зал куруу сунушун берсе, депутат Лейла Лурова жогорку окуу жайларында иштеген окутуучулардын айлык маянасы жогорулатуу маселесин көтөрдү.