
29-октябрда Бишкек шаарында корей кимчхи фестивалы жана салттуу шараптын дегустациясы өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара Кореянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулуп, Курманжан Датканын эстелигинин алдындагы аллеяда саат 11:00дөн 15:00гө чейин өтмөкчү.
"Кимчхи, корей шараптарын даамдоо фестивалы, кимчи жасоону жана салттуу суусундуктардын ар кандай түрлөрүнүн дегустациясын жайылтуу жана уюштуруу аркылуу корей ашканасын салттуу суусундуктарын таанытуу үчүн маанилүү окуя болуп саналат", - деп айтылат билдирүүдө.
Кимчхи - бул корей шаканасынын тамагы. Ал ар кандай жашылчалардан (негизинен кытай капустасы жана корей кызыл калемпири) жана ар кандай татымалдардан жасалат. 2013-жылы кимчи жасоо маданияты ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурас статусун алган.