Абактын ичине баңгизат ыргыткан деп смотрящий жана анын шериги кармалды

Баңгизаттын ири партиясын түзөтүү абагына ыргыткан шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 10-октябрь күнү белгисиз адамдар Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №3 мекемесинин аймагына тыюу салынган буюмдарды ыргаткан.

Баңгизат сырткы тосмо аркылуу ыргытылып, бирок көзөмөлдөөчү тилкеге түшүп калган. Окуя болгон жерден скотч менен оролгон өзгөчө жыты бар кочкул-жашыл түстөгү эки таңгактагы зат табылган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, режимдик мекеменин аймагына алып өтүүгө аракет кылган заттар жалпы салмагы 2 килограмм 206 граммды түзгөн кара куурай чайыры (гашиш) болуп саналат.

Бул факты боюнча Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери менен биргеликте баңгизатты ыргытууга тиешеси бар жарандардын өздүктөрүн аныкташкан. Шектүүлөр айдап жүргөн "Дэу-Нексия" үлгүсүндөгү унаа дагы табылган.

Жакында көрүлгөн чаралардын натыйжасында жогорудагы көрсөтүлгөн кылмышка шектүү катары мурда соттолгон, кылмыштуу чөйрөдө "смотрящий" статусуна ээ болгон Чүй облусунун 1994-жылы туулган тургуну А.уулу Т., жана анын шериги Чүй облусунун 1980-жылы туулган тургуну М.Э. кармалган. Кармалган жарандар Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Соттун чечими менен кармалган жарандарга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. Учурда мындан аркы ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, соттолгондордун арасында шектүүлөрдү аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД