Акылбек Жапаров Астанага келди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Астана шаарына (Казакстан Республикасы) жумушчу сапары менен келди.

Жумушчу сапардын алкагында министрлер кабинетинин башчысы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Ошондой эле Казакстандын президенти менен өкмөт башчыларынын жамааттык жолугушуусу пландаштырылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД