Кытайда Covid-19дун өсүшүнө байланыштуу шаарлар карантинге жабылууда

Кытайда үч күн катары менен өлкөдө COVID-19дун 1000 ашык жаңы учуру катталды. Буга байланыштуу КЭР коронавирустун күч алышына байланыштуу өлкөнүн борбордук жана түндүк-батыш бөлүгүндөгү шаарларды карантинге жабууну баштады. Бул тууралуу COVID-19га каршы Республикалык штабдан билдиришти.

Эске салсак, 2019-жылдын аягында дүйнөдө алгачкы жолу коронавирус башталган Уханда ушул аптада оорунун 20-25 жаңы учуру катталды. Акыркы 14 күндүн ичинде шаарда 240 учур аныкталган. Жергиликтүү бийликтер бир аймактагы 800 миңден ашуун адамга 30-октябрга чейин үйлөрүндө болууну буйруду.

Кытайда экономикалык өндүрүштүн көлөмү боюнча төртүнчү шаар катары саналган Гуанчжоуда көбүрөөк көчөлөр жана кварталдар жабылды, жаңы райондор төрт жумадан бери уланып жаткан вирустун активдешүүсүнөн улам кооптуу аймактар деп табылгандыктан, адамдарга үйлөрүндө калууга буйрук берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД