
Москва шаарында активист Ильгиз Шаменов дагы кармалды. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасында билдирди.
Анын айтымында, Орозайым Нарматова менен бирге аны дагы Бишкекке алып келе жатышат.
"Ассаламу алейкум урматтуу мекендештерим, достор мына биз аэропорттон учуп жатабыз. Орозайым экообуз, урматтуу активисттер, эл журт, массалык маалымат каражаттары. Бүгүн саат 15:00 дө Бишкек убактысы боюнча, аэропортко конобуз. Бизди особо опасный кылмышкерлердей эле Ташиев өзү барып, Москвадан бизди сураныптыр, бергиле деп. Бизге бийликти курал жарак менен басып алуу беренесин коюшуптур, жана международный розыскка беришиптир. Силерден качкан эчким жок, кел деп официально чакырсанар деле бармакмын..
Орустар полит убежище берели деп сунуш кылышты, мен отказ бердим. Элим жерим үчүн, Кемпир-Абад Жетим-Тоо үчүн достойно түрмөгө отуруп чыгабыз, түрмөдөн качпайм...
Кыскасы бекем тургула достор", - деп жазган ал.