
Милициянын кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмү "Рекламный щит" аталышында рейд өткөрүп, 20 миң сомго айып салды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмү Кыргыз Республикасынын "Автомобил жүрүүчү жолдор" боюнча мыйзамына туура келбеген жол жээгиндеги мыйзамсыз жана өз алдынча илинген көрнөк-жарнактар, паннолор, плакаттар, жол белгилер жана багыт берчү көрсөткүчтөрдү иретке келтирүү максатында "Рекламный щит" аталышында рейддик иш-чара өткөрдү.
Натыйжада, өз алдынча орнотуп алган 6 жаранга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 179-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык тийиштүү протокол толтурулуп, жалпы суммасы 20 000 сомго айып пул салды. Ошондой эле кемчиликтерди орундатуу боюнча эскертүүлөрдү беришти.