Илон Маск Твиттерди 44 миллиард долларга сатып алды

SpaceX менен Tesla"нын негиздөөчүсү Илон Маск Twitter социалдык түйүнүн 44 миллиард долларга сатып алды. Бул тууралуу Reuters кабарлады.

27-октябрда Маск Twitter"дин башкы кеңсесине келген видеосун жарыялап, соцтармактагы статусун өзгөртүп, өзүн "башкы твитчи" (Chief Twit) деп сыпаттады.

Reuters менен The Washington Post жазгандай, Маск ошол эле күнү Twitter"дин аткаруучу директору Параг Агравалды, каржы директору Нед Сигалды, укуктук маселелер боюнча жетекчи Вижайя Гаддени жана башкы юридикалык кеңешчи Шон Эджетти иштен алды. Маалыматка караганда, ал аларды платформадагы фейк аккаунттардын саны боюнча аны жана инвесторлорду адаштырууга айыптаган.

Маск жаңы жетекчилик тандалганга чейин компаниянын башчысынын милдетин аткарары белгиленүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД