
Талас облусу боюнча 26-28 октябрь күндөрү "Арсенал" рейди жүргүзүлдү. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, иш чарага жалпы 115 милиция кызматкери катышты.
"Арсенал" рейдинин максаты мыйзамсыз сактоодогу ок атуучу куралдар ок дарылар жарылуучу заттарды аныктоо.
Талас облусунун аймагында эл арасында мыйзамсыз сакталган ар кандай ок атуучу куралдарды өз ыктыяры менен тапшыруусун жана ошондой эле тапшырылган ок атуучу куралдардын өздөрүнүн пайдасына мыйзамдаштыруусуна багытталган. Мындан тышкары ок атуучу куралы бар жарандар менен ок атуучу курал менен жасалган кылмыш, окуяларды болтурбоо боюнча профилактикалык иш чараларды жүргүзүү. Ошондой эле ок атуучу куралды колдонууда коопсуздук эрежелерине ылайык сактоо жана аткаруу.
Талас облусу 5 зонага бөлүнүп, аталган профилактикалык иштеринин жүрүшүндө жарандар тарабынан жалпысынан 7 ок атуучу курал алынган. Анын ичинен 7 сайсыз жана бир жардыруучу зат граната (Ф-1).Тактап айтканда, Манас районунан 1 сайсыз, Кара-Буура районунан 1 сайсыз, Бакай-Ата районунан 3 сайсыз, Талас районунан 2 сайсыз, Талас шаарынан 1 жардыруучу зат граната (Ф-1).
Мындан тышкары МУУ тарабынан тейлеген административдик аймактарында 380 ок атуучу куралдары бар жарандардын турак жайларындагы ок атуучу куралдардын сактоо эрежелери текшерилген. Ар кандай бузууларга жалпы 18 административдик протокол түзүлгөн, анын ичинен ок атуучу газ пневматикалык, ыргытма жана электрондук куралын каттоо мөөнөтүн бузгандыгы үчүн 134 берене менен 11 административдик протокол түзүлгөн. Милиция кызматкерлер тарабынан рейддин жүрүшүндө ар бир ок атуучу куралы бар адам менен коопсуздукту сактоо, алып жүрүүнүн жана сактоо эрежелерин бузбоо боюнча профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жалпысынан 56 милдеттемеге кол тамгасын койдуруп тапшырды.