Сеулдагы каргашалуу окуя. Садыр Жапаров Кореянын президентине көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Корея Республикасынын президенти Юн Сок Ёлго Сеул шаарындагы массалык тыгында адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

"Үстүбүздөгү жылдын 29-октябрында Итхэвон районунда орун алган массалык тыгындын натыйжасында көп сандаган адамдардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм. Орду толгус жоготуунун азабын жана кайгысын тең бөлүшөм", - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД