
9-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында төкмө жана жазма акын, комузчу, обончу Токтосун Тыныбековдун 95 жылдыгына карата акындардын республикалык айтышы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Айтыштын тандоо туру 8-ноябрда "Манас" кинотеатрында болот. Ал эми жарым финал жана финалдык айтыштар 9-ноябрь күнү өтөт. Байге фонду 1 млн сомду түзөт.
Иш-чараны Маданият министрлиги, Кыргыз улуттук "Манас" театры, Республикалык "Айтыш" коомдук фонду, Токтосун Тыныбеков атындагы коомдук фонду уюштурууда.
Төкмө акын Токтосун Тыныбеков Жалал-Абаддын Аксы районунун Тегене айылында 1927-жылы туулган.
1949-жылы Кыргызстандын филармониясына оркестрдин музыканты болуп кирип, өмүрүнүн акырына чейин филармониянын солисти болгон.
"Эпкиндүү Ажыбек" деген алгачкы ыры 1947-жылы август айында райондук "Коммунизм жолу" гезитине чыгып, ошондон тарта ырлары облустук, республикалык гезит-журналдарга чыга баштаган.
1960-жылы "Кыргыз ССРине эмгек сиңирген артист" деген наам берилген. 1953-жылдан СССР Жазуучулар союзуна мүчө болгон.