Раззаков шаарында Исхак Раззаковдун эстелиги орнотулду

Баткен облусунун Раззаков шаарынын борбордук аянтына мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун эстелиги орнотулду. Эстеликти ачуу аземи 29-октябрда өттү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы аземге өкмөт башчысы Акылбек Жапаров катышканын маалымдады.

Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда Лейлек районунда туулган. Ал он жыл Кыргызстандын Компартиясын, бир топ жыл Министрлер кабинетин жетектеген. 1961-жылы кызматынан бошотулуп Москвага которулган. Ошол жерде иштеп, эс алууга чыгып, 1979-жылы каза болгон. Ал жетектеген убакта Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү жанданган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД