Кыргыз драма театрынын артисттери Астанада өткөн фестивалда баш байге утту

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын "Саманчынын жолу" спектакли Астанада өткөн "ТеатрALL" эл аралык театр фестивалында баш байгени утуп алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, спектакль үстүбүздөгү жылдын 26-29-октябрында Астанада шаарында өткөн Кыргызстандын Казакстандагы маданият күндөрүнүн алкагында коюлган.

Спектаклди режиссер, маркум Марат Козукеев сахналаштырган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД