Түзөтүү мекемелеринин бала бакчаларында "Алтын күз" майрамы белгиленди

№3 жана №14 түзөтүү мекемелериндеги "Солнышко" бала бакчаларында "Алтын күздүн" келиши салтанаттуу түрдө белгиленди. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Новопокровка айылындагы №3 жана Вознесеновкадагы (Чүй району) №14 мекемелеринин кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнүн балдары тарбияланып жаткан "Солнышко" бала бакчаларында майрамдык иш-чаралар уюштурулду.

"Алтын күз" кызыктуу майрамына бардык балдар активдүү катышты. Алар ырдашты, бийлешти, жаттаган ырларын айтышты.

Мына ушулардын бардыгы алардын өнүгүшүнө, билим алышына абдан жакшы таасирин тийгизет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД