
Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнө 98 жыл толду. Аны менен катарлаш Ала-Бука районун тургуну ИИОнун ардагери милициянын старшинасы Камалов Артык аксакал да 98 жаш кутман курагын белгилөөдө.
Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, милициянын түзүлгөн жылында туулуп, ИИИдо кызмат өтөп, 1982 жылы ардактуу эс алууга чыккан ардагерди райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Чаргынбаев Кайырбек Кабылбекович, Ала-Бука РИИБдин начальниги милициянын полковниги Козукеев Азенбек Рахматуллаевич жана Ала-Бука районун ардегерлер кенешинин төрагасы ардактуу эс алуудагы милициянын майору И. Стамалиевдер барышып, ардагерге бекем ден-соолук каалап куттукташып, атаган белектерин тартуулашты.
Ал эми 98 жашты белдеген ардагерибиз формачан кесиптештерин көрүп чымырканып, кубанычы кучагына толуп, алакан жайып жергебизде дайыма тынчтык өкүм сүрүп, элибизде токчулук болушун каалап келген конокторго ак батасын берди.