
Асеин Исаев Кыргыз Республикасынын Индия Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, Нью-Дели шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Бангладеш Эл Республикасындагы элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.
Асеин Исаев Индияга элчи болуп 4 жыл мурда дайындалган. 3 жыл мурда ал Нью-Дели шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Бангладештеги элчи болуп дайындалган.